Бишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирди

20.10.2025 | 15:39

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Мурас» турак жай комплексинин ичинде ачылган жаңы мектеп филиалы ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул пилоттук долбоор — шаардагы мектептердин ашыкча жүктөмүн азайтуу максатында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Бишкек мэриясынын координациясы менен ишке ашырылды.

Турак үйлөрдүн биринчи кабаттарында убактылуу окуу класстарын уюштуруу чечими кабыл алынып, алгачкы филиал Маликов көчөсүндөгү №40 мектептин базасында ачылды. Имарат 1000 окуучуга ылайыкташкан, сабактар эки сменада өтөт.

Мектепте негизги сабактардан тышкары шахмат, тогуз коргоол, сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча ийримдер иштейт.

Мэр Айбек Жунушалиев долбоорду жогору баалап, мындай формат борбор калаанын башка райондорунда да колдонулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Reporter.kg буга чейин МИКтин үйлөрүндөгү класттар тууралуу кенен макала даярдаган.

Scroll to Top