Сигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кетти

Премьер-министр Сигэру Исиба башында турган Жапониянын өкмөтү бийликтен кетти. Бул тууралуу жапон басылмалары жазууда.
Жапониялык NHK телекомпаниясы “Исибанын кабинети бийликте 386 күн болгондон кийин толугу менен кызматтан кетти” деп кабарлады.
Kyodo News агенттиги Исиба кызматкерлердин кол чабуулары менен өз кабинетин таштап кеткенин жазды. Ал өзүнүн премьерлик кызматында турган мезгилде аймактарды өнүктүрүү жана табигый кырсыктардын алдын алуу маселелерин саясий программасынын негизги багыттарынын бири катары белгилеген. Ошондой эле анын бийлиги тушунда орто минималдуу айлык акы жогорулаган.
Бүгүн, 21-октябрда, Жапония парламентинин кезексиз сессиясы өтүп, анда өлкөнүн 104-премьер-министри тандалат. Бул кызматка Либерал-демократиялык партиянын төрайымы 64 жаштагы Санаэ Такаити талапкерлигин коюуда. Эгер ал шайланып калса, анда Жапониянын тарыхындагы алгачкы премьер-министр айым болуп калат.