Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чүйдөгү №2 аялдар абагындагы кемчиликтер жоюлуп, шарттар жакшыртылды
21.10.2025 | 15:00

Акыйкатчы институту Чүй облусунун Степное айылындагы №2 түзөтүү абагында мониторинг жүргүзгөндөн кийин мекемедеги жашоо шарттары жакшыртылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Мониторинг маалында соттолгон аялдар тамак-аштын сапатына, медициналык тейлөөнүн начардыгына жана гигиеналык шарттардын жетишсиздигине нааразы болушкан. Ошондой эле канализация иштебей турганы, ысык суу жана балдар үчүн керектүү каражаттар жетишсиз экени аныкталган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мыйзам бузууларды жоюу жана энелер менен балдардын укуктарын камсыздоо боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жөнөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом