Көмүрдү белгиленген баадан жогору саткан айдоочулар Кара-Кеченин “кара тизмесине” киргизилет

22.10.2025 | 09:38

Антимонополия тарабынан бекитилген баадан жогору баада көмүр саткан айдоочулар Кара-Кеченин “кара тизмесине” киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кара-Кече кенинде көмүрдүн баасы тоннасына 2460 сомду түзүүдө. Ал эми Бишкек шаарында Антимонополия кызматы тарабынан бекитилген чектөөчү баа 6600 сомдон ашпоого тийиш.

«Кыргызкөмүр» ишканасы көмүрдү 5–6 эсеге жогорулатып сатуу же бааны жасалма түрдө көтөрүү мыйзам бузуу болуп эсептелерин билдирди.

“Бардык айдоочулардан өтүнүч, белгиленген бааларды сактап, мыйзам чегинде иштегиле. Бул бааларды туруктуу кармоого жана калкка жеткиликтүү көмүрдү камсыздоого мүмкүндүк берет”,- деди «Кара-Кече» филиалынын директору Талант Скандербеков.

Scroll to Top