Баткен облусундагы Жаңы Достук айылына тургундар көчүп келүүдө

23.10.2025 | 10:00

Баткен облусунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу жаңы түзүлгөн Жаңы Достук айылына тургундар отурукташууда.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактары алмашылган. Натыйжада Баткен районунун Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн 181 турак үй курулган.

Жаңы айылдагы үйлөр заманбап талаптарга ылайык салынган жана бардык керектүү шарттар менен камсыздалган. Азыркы учурда жол, бала бакча, суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу боюнча иштер уланууда.

Баткен облусунун жетекчиси Айбек Шаменов аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып чыкты.

Тургундарды көчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын техникалар тартылган.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жаңы айылга Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынан да айрым үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Ал эми Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарында алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн 76 турак үйдүн курулушу дээрлик аяктап калды.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Баткен жана Лейлек райондорунда 257 турак үйдүн курулушу жүрүүдө.

Scroll to Top