Ак илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр Жапаров

23.10.2025 | 10:38

Бүгүн дүйнө коомчулугу Ак илбирстин эл аралык күнүн алгачкы жолу расмий түрдө белгилеп жатат. Бул күндү белгилөө демилгеси Кыргызстандын сунушу менен Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында бул тарыхый окуя боюнча кайрылуу жасап, майрамдын маанисин баса белгиледи.

«Бул демилге дал кыргыз жергесинен, биздин элибиздин жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнөгө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык», — деди мамлекет башчысы.

Жапаровдун айтымында, Ак илбирс — кыргыз элинин эркиндигинин жана чыдамкайлыгынын символу. Ал илбирсти сактоо — жаратылышты, суу булактарын жана келечек муундардын жашоо чөйрөсүн коргоо экенин белгиледи.

Президент дүйнө элдерин бул сейрек жаныбарды жана анын экосистемасын коргоого биригүүгө чакырды.

Кыргызстан бул күнү 23 мүнөт жөө басуу же сейилдөө акциясын өткөрүүнү сунуштап, аны жаратылыш менен гармонияда болуунун символу катары белгиледи.

«Жаратылышты коргоо — бул биздин спорт, ал эми ак илбирсти коргоо — биздин жалпы жеңишибиз!», — деп белгиледи Жапаров.

Scroll to Top