«Кепилдик фонд» менен Чехиянын ардактуу консулу экспортко багытталган ишканаларды колдоо маселелерин талкуулашты

27.10.2025 | 13:30

«Кепилдик фонд» ААКсынын башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев экспортко багытталган ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Малик-Айдар Абакиров бүгүнкү күндө экспортко багытталган компаниялар кепилдик колдоосун артыкчылык тартибинде алып жатканын билдирген.

“Кепилдик фонд өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүп, экспорт жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларга артыкчылык берет, – деп билдирген Малик-Айдар Абакиров.

“2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1 млрд 175 млн сомдон ашты. Кепилдик колдоосу аркылуу ишкерлер 4 млрд 107 млн сомдон ашуун насыялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул алардын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болду”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top