ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
Түндө Кыргызстанда жер титирөө катталды
28.10.2025 | 09:52

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түндө Кыргызстан аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Сейсмологдордун билдирүүсүндө, жер титирөө саат 2:05те катталган. Очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кабак айылынан 19 чакырым түндүк-батышта жана Дароот-Коргон айылынан 35 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү:
- Кашка-Суу, Кара-Кабак, Кабык айылдарында — 3,0 балл,
- Сары-Могол, Дароот-Коргон, Талды-Суу айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом