Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Түркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду
28.10.2025 | 09:48

27-октябрдын кечинде Түркиянын Балыкесир провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазууда.
Силкинүү Мармар жана Эгей аймактарында, айрыкча Стамбул менен Измир шаарларында сезилген.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жер титирөөнүн очогу 5,99 чакырым тереңдикте болгонун маалымдады.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая силкинүүдөн үч имарат жана бир дүкөн кыйраганын билдирди. Ошондой эле ал AFAD жана тиешелүү мекемелер бул боюнча талаа изилдөөлөрүн башташканын айтты.
Мындан тышкары жер титирөө болгон аймакта бардык окуу жайлары бир күнгө жабылганы айтылды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар