Z мууну экрандагы ашыкча эротикадан чарчады — жаштар достукту жана реалдуулукту көбүрөөк каалашат

28.10.2025 | 12:18

Жаңы изилдөөгө ылайык, Z (Зет) муунунун өкүлдөрү тасмалар менен сериалдардагы сексуалдаштырылган контентке барган сайын аз кызыгышууда. Бул тууралуу окумуштуулардын изилдөөсүнө шилтеме кылып, Euronews жазды.

10 жаштан 24 жашка чейинки көрүүчүлөр арасында ачык сценалар камтылган өспүрүмдөр комедиясы жана драмалык тасмалар өз популярдуулугун жоготуда.

Калифорния университетинин Окумуштуулар жана баяндоочулар борборунун жылдык отчётунда маалымдалгандай, жаш муун көбүнчө реалдуулукка жана эмоционалдуу чындыкка артыкчылык берет.

Быйыл август айында изилдөөчүлөр 1500 жаш адамдар арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн, анын жыйынтыгы мындай болду:

  • 59,7% катышуучу достук мамилелерге негизделген окуяларды көбүрөөк көргүсү келерин билдирген;
  • 54,1% романтикалык мамиледе болбогон каармандар аларга жакыныраак экенин айткан;
  • 48,4% азыркы фильмдер менен сериалдарда сексуалдык көрүнүштөр ашыкча деп эсептешкен.

Изилдөөнүн авторлорунун айтымында, Z мууну медиа контенттен чынчылдыкты, ар түрдүүлүктү жана эмоционалдуу чындыкты издеп, шаблондуу романтика жана кумар окуяларына караганда реалдуу баалуулуктар менен тажрыйбаны чагылдырган мазмунду жогору баалашат.

Scroll to Top