Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Баткенде ээн калган заводдун аймагында ири өрт чыкты
28.10.2025 | 12:14

Бүгүн эртең менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мурдагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, өрт тууралуу билдирүү саат 09:47де түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 4 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.
Учурда окуя болгон жерде өрттү толук өчүрүү жана жайылышын токтотуу боюнча иштер жүрүүдө.
Өрттүн себеби такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар