Алдын ала көзөмөл: Кыргызстанда баңгизаттарды эрте аныктоо системасы ишке киргизилди

28.10.2025 | 14:00

Кыргызстанда кооптуу заттарды массалык түрдө тарап кеткенге чейин аныктоого мүмкүнчүлүк берген жаңы механизм ишке кирди. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Кыргызстанда жаңы баңгзаттар, психоактивдүү заттар, прекурсорлор жана алардын аналогдору тууралуу улуттук Алдын ала кабарлоо механизми расмий түрдө ишке кирди. Бул мамлекеттик система калкты коргоо жана жаңы муундагы баңги коркунучтарына каршы коомдук коопсуздукту күчөтүүгө багытталган. Система кооптуу заттарды ыкчам аныктоого жана алардын таралуу коркунучун баалоого мүмкүндүк берген бирдиктүү мекемелер аралык көзөмөл куралы болуп саналат.

Механизм кандай түзүлгөн

Система эки негизги бөлүктөн турат:

  1. Республикалык мониторинг борбору (РМБ) – ал ИИМдин базасында иштеп, мекемелерден, лабораториялардан жана илимий мекемелерден маалымат чогултат, аларды талдап, жаңы кошулгандарды классификациялайт;
  2. Баңгизаттар жана баңгизат көз карандылыгы боюнча комиссия (БККК) – анын курамына ИИМ, Саламаттык сактоо министрлиги, Юстиция министрлиги, УКМК, Бажы кызматы жана Башкы прокуратураны кошкондо 21 мамлекеттик орган кирет. Комиссия келип түшкөн маалыматтарды карап чыгып, эксперттик талкууларды өткөрүп, Министрлер кабинетине сунуштарды берет.

Системанын негизги милдеттери:

Механизм төмөнкү учурларды камсыздайт:

  • жаңы баңги жана психоактивдүү заттарды ыкчам аныктоо жана талдоо;
  • системанын бардык катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу;
  • жарандардын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн коркунучтарды баалоо;
  • кооптуу заттардын жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
  • адистерди окутуу.

Өзгөчө көңүл медициналык препараттардын медициналык максатта эмес колдонулушун көзөмөлдөөгө жана калктын маалымдуулугун жогорулатууга бурулат. Башкача айтканда, дары баңгилигин алдын алуу чаралары күчөтүлөт.

Стратегиялык мааниси:

Бул механизмдин ишке кириши баңги заттарды көзөмөлдөө тармагындагы реформалардын уландысы болуп, көзөмөлдөнүүчү заттардын тизмесин жаңылоону камтыйт. Мамлекет илимий-аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, коркунучтарды натыйжалуу алдын алуу багытында иш баштады.

Жаңы система кооптуу заттардын кеңири жайылышын алардын массалык кесепеттерине чейин токтотууга жана баңги кылмыштары боюнча жоопкерчиликти күчөтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жаңы баңгизаттардын пайда болушуна ыкчам реакция кылууга шарт түзгөн мындай системаны түзгөн Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп калды.

Scroll to Top