Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Энергетика министри: Кышка толук даярбыз деп айтуу туура эмес
28.10.2025 | 15:39

Биринчи радионун түз эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөнүн жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, “Кышка толук даярбыз деп айтуу туура эмес” деди.
Министрдин айтымында, өткөн жылы жылытуу сезонуна даярдык үчүн 2 миллиард сом, ал эми быйыл 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. Бул акчалар зымдарды, электр мамыларын алмаштырууга жана электр тармактарын оңдоого жумшалган.
Таалайбек Ибраев ошондой эле Ош шаарында бетон мамыларды чыгарган завод ишке киргенин, ал эми ГЭС-5те жаңы үлгүдөгү кабелдер өндүрүлө баштаганын билдирди.
Анын айтымында, бул иштер авариялардын санын азайтып, электр энергиясынын жоготууларын кыскартууга жардам берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом