Мыйзамсыз лотереяларды өткөргөн интернет-платформалар аныкталды

29.10.2025 | 11:23

Социалдык тармактарда мыйзамсыз лотереяларды өткөрүү учурлары көбөйдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Онлайн-платформаларды мыйзамсыз финансылык ишмердиктин алдын алуу жана жарандардын укуктарын коргоо максатында туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп келет. Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксаты жок лотереялар тууралуу маалымат тараткан бир катар ресурстар аныкталган:

— «Ala-Buka Sila» YouTube-каналы;
— «АЛГА БАТКЕН» YouTube-каналы;
— «АЛГА БАТКЕН 500» YouTube-каналы;
— «ЛОТО МОСКВА» YouTube-каналы;
— «Travel Shop Bishkek» туристтик агенттиги;
— @sezim_kids_dordoi Instagram аккаунту;
— Instagram @baidyikan.kg жана @bay_dyikan_market_;
— «Rus_Sila» YouTube-каналы;
— «БАРСБЕК БАТЫРАЛИЕВ» YouTube-каналы;
— «АПАЗ СИЛА» YouTube-каналы.

Финкөзөмөл мекемеси эскертет: Кыргызстанда лотереяларды өткөрүү тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген расмий уруксаттын негизинде гана мүмкүн. Белгиленген талаптарга ылайык келбеген ар кандай ишмердик мыйзамсыз деп эсептелет.

Жарандарга шектүү лотереяларга катышпоого жана мыйзамсыз ишмердик боюнча Финкөзөмөлгө билдирүү сунушталды.

Мыйзам бузуулар тууралуу маалыматты Финкөзөмөлдүн расмий сайты аркылуу же төмөнкү телефондорго чалып билдирсе болот: 0312 66-45-13; 0312 96-13-04; 0312 66-29-85.

Scroll to Top