Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 367 наристе жарык дүйнөгө келдиВенесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптадыМайлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын айлык карызы январдын аягына чейин төлөнөтКыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушатЕвразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?
Жайыл райондук сотунун мурдагы аппарат жетекчиси пара алууга шектелип кармалды
31.10.2025 | 15:33

УКМК Чүйдүн Жайыл райондук сотунун судьясы жана мурдагы аппарат жетекчиси пара алгандыгы үчүн кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ноябрь айында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, соттолуучу А.Д.М. аттуу жарандын бир тууганы Ю.М.М.дан соттун оң чечимин чыгарууга жардам берүүнү убадалап, 10 миң доллар опузалап талап кылгандыгы аныкталган.
2023-жылдын ноябрь айында Ю.М.М., Д.А.К.га анын бир тууганынын иши боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн макулдашылган сумманын бир бөлүгү катары 480 миң сом берген. Бирок, алар каалаган өкүм чыгарылган эмес жана айыпталуучу соттолгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында А.Д.К. кармалып, №21 тергөө абагына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар