Көлбаев менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн: БШК бир нече талапкерди каттоодон баш тартты

03.11.2025 | 12:05

Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече талапкерди мыйзам талаптарына туура келбегендиктен каттоодон баш тартты.

Маалыматка караганда, Ильяс Амангазиев кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү үчүн талапкер катары катталган жок. Амангазиев милицияга чакырылып, сүрөттөгү адам өзү экенин тастыктаган.

БШКнын билдирүүсүндө, эгерде адам уюшкан кылмыштуу же куралдуу топко тиешеси бар деп тизмеге киргизилген болсо, ал талапкер катары каттала албайт.

Мындан тышкары, жумушчу топ башка эки талапкер — Абдивали уулу Дамирбек жана Венера Койчиева — Жогорку Кеңешке талапкерлерге коюлуучу мыйзамдагы талаптарга жооп бербейт деген чечим чыгарган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:

  • Абдивали уулу Дамирбек 2023-жылы 232 күн, 2024-жылы 242 күн өлкө аймагынан сыртта жүргөнү,
  • Ал эми Венера Койчиева жалпы 455 күн өлкөдөн сыртта болгондугу аныкталган.

БШК белгилегендей, мыйзам боюнча акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын аймагында жашаган жаран гана талапкер боло алат.

Scroll to Top