Улуу Британиянын ордуна Швейцария: Кыргызстандын экспортунун географиясы кандай өзгөрдү?Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалдыОш шаарында курулуп жаткан «Келечек» базары мартта пайдаланууга берилетЖылдын башкы интригасынын көшөгөсү ачылды: MBANK’тан ким батир утуп алды?«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болотБШК Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Чет элдик журналисттерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн аккредитациялоо башталды
03.11.2025 | 17:00

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, аккредитациядан өтүү үчүн бардык чет элдик журналисттер 2025-жылдын 17-ноябрына чейин белгиленген формадагы маалыматты паспорттун көчүрмөсү менен бирге төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: press@mfa.gov.kg
Эгер кошумча суроолор жаралса, журналисттер төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла алышат:
+ 996 (312) 62-65-59
+ 996 (709) 10-64-35 (WhatsApp)
Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, аккредитациялоо жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат министрликтин расмий сайтында жайгашкан.