Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станциялар көбөйөт

04.11.2025 | 14:00

Мамлекеттик “Чакан ГЭС” ишканасы өлкө боюнча заряддоо станцияларынын тармагын кеңейтип жатат.

Маалыматка ылайык, быйыл Кеминде Бишкек — Торугарт унаа жолунун боюна алты станция орнотулду. Азыркы тапта Кара-Көл шаарында дагы төрт станция курууга уруксат алуу иштери жүрүүдө.

Келерки жылы Ош, Манас, Таш-Көмүр, Токтогул, Өзгөн, Суусамыр, Кең-Сай, Балыкчы, Каракол, Бостери жана Токмок шаарларына жаңы заряддоо станциялары курулат. Мындан тышкары, Бишкекте да кошумча станциялар орнотулууда.

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, бул долбоор электромобилдерди колдонууну кеңейтүүгө жана экологиялык таза транспорттун үлүшүн жогорулатууга багытталган.

Scroll to Top