Өч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалдыМэрия шаардык кеңештин кароосуна сууга болгон жаңы тарифтерди алып чыкты — долбоорБеловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар
Эми балык уулоо билетин электрондук түрдө алууга болот
04.11.2025 | 15:55

Айыл чарба министрлиги “электрондук балык уулоо билет” системасы ишке киргенин билдирди.
Маалыматка ылайык, бул система «АгроСмарт» мамлекеттик ишканасы тарабынан Балык өнөр жайы комплекси департаментинин катышуусунда иштелип чыккан.
Билеттерди министрликтин расмий сайтындагы «Кызматтар» бөлүмү аркылуу жана «Мегапей» төлөм оператору аркылуу сатып алууга болот. Бул иш-чара билеттерди алуу процессин бир топ жеңилдетип, кызматты өлкөнүн бардык аймактарында жарандар үчүн жеткиликтүү кылат.
Айыл чарба министрлиги 2025-жылдын 9 айында балык уулоо билеттеринин жана карточкаларынын сатылышынан түшкөн сумма 11 млн 859 миң 502 сомду түзгөнүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом