Президент маммекемелерде электр энергиясын үнөмдөөнү талап кылып, жарандары тынчсыздандырбоо керектигин эскертти
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерине WhatsApp аркылуу электр энергиясын үнөмдөө боюнча тапшырма боюнча билдирүү жөнөттү.

Кайрылуусунда мамлекет башчысы негизги максат — электр энергиясын мамлекеттик мекемелерде, айыл өкмөттөрдөн «Ынтымак-Ордого» чейин, айрыкча саат 18:00дөн кийин колдонууга көзөмөл жүргүзүү экенин белгиледи.
«Иш күнүнүн аягында приборлорду жана жарыкты өчүрүү — анчалык кыйын эмес», — деди ал.
Президент жетекчилерди өзүнө караштуу мекемелерди, анын ичинде мектептерди жана балдар бакчаларын жеке көзөмөлдөп, текшерип турушу керектигин айтты. Ар кандай бузулуулар кызматтык милдетти аткарбоо катары караларын белгиледи, ал эми жеке жарандардын ишине кийлигишпөөнү эскертти.
«Жеке адамдарга жана чакан бизнеске жарык боюнча тыгылбаңыздар. Силер адамдарды чочураттыңар жана керексиз шуу жараттыңар», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.
Жапаров аймактык өкүлдөр акимдерди көзөмөлдөп турушу керектигин, ал эми акимдер айыл өкмөттөрдү, айыл өкмөттөр болсо өз аймагындагы мектептерди жана балдар бакчаларын күн сайын текшерүүсү зарылдыгын белгиледи. Президент электр энергиясын үнөмдөө өзүнөн башталуусу керектигин айтты.
Ошондой эле мамлекет башчысы НЭСК мурда тариф боюнча шуу көтөргөнүн, бирок аракеттерин министрлик менен макулдаша электерин белгилеп, бул кошумча чыңалуу жаратуусун эскертти.