«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды

17.11.2025 | 10:02

Кыргызстандын мушкер жылдызы Валентина Шевченко Нью-Йорк шаарында өткөн UFC 322 турниринин негизги беттештеринин биринде кытайлык Вейли Чжанды так жана ишенимдүү жеңди.

Белгилей кетсек, беттеш кечтин борбордук окуяларынын бири болуп, беш раунд бою уланды. Калыстар бир добуштан Шевченкону жеңүүчү деп таанышты жана бардык баалоолорду 50:45 менен берди. Мындай жыйынтык менен «Пуля» беттештин бардык аралыгында толук үстөмдүгүн көрсөттү.

Статистика да кыргызстандык спортчунун пайдасына болду: Шевченко так 137 сокку урууга жетишкен, ал эми атаандашы 80 гана так сокку жасаган. Ошондой эле ал беш жолу Чжанды партерге түшүрүп, канваста позицияларды көзөмөлдөгөн. Мындан тышкары, Валентина UFC тарыхында бир беттеште жалпы 60 ийгиликтүү тейкдаун жасаган биринчи аял болуп калды.

37 жаштагы Шевченко үчүн бул жеңиш үзгүлтүксүз үчүнчү ийгилик болду. Бул жеңиш ага UFC титулдук беттештеринде легендарлуу Аманда Нуньестин жетишкендигин кайталоого мүмкүнчүлүк берди — экөө тең 11 жеңишке ээ. Шевченко ошондой эле аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы дивизиондо лидерлигин сактап, 11 жеңиш менен бул салмакта тарыхый рекордду камсыз кылды.

Валентинанын жалпы статистикасы азыр 26 жеңиш, 4 жеңилиш жана 1 теңдикти түзөт. Вейли Чжандын беттеши болсо узгүлтүксүз беш жеңиш сериясын токтотту; анын рекорду азыр 26 жеңиш жана 4 жеңилиш.

Шевченко UFC аялдардын рейтингинде салмак категориясына карабастан биринчи орунду сактап келүүдө.

Scroll to Top