Садыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» электрондук платформасын иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 16-ноябрда, Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунда билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, бул бирдиктүү платформа транспорттук тармакта өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталып, бажы маалыматтарын алмашуу жана уруксат документтерин “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тариздөө үчүн керек.
Мындан тышкары Жапаров аймакта жаңы транспорттук артерия түзүлүп жатканын билдирди.
“Стратегиялык мааниге ээ «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу жөн гана байланыш түзбөстөн, бүткүл логистиканы өзгөртүп, биздин мамлекеттерге Азия менен Европанын ири базарларына эң кыска жол ачат. Ушул контекстте Зангезур коридорун куруу долбоору «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун логикалык жана стратегиялык уландысы катары каралат”,- билдирди ал.