Аймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болот
Бишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
17.11.2025 | 15:38
20-ноябрда Бишкек шаарынын бир районунда ичүүчү суу саат 09:00дөн 19:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу Көк-Жар суу алуучу жайында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, медициналык мекемелерде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
7-Апрель – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Скрябин көчөсү – Юнусалиев көчөсү – М. Горький көчөсү – 7-Апрель көчөсү.
“Бишкексууканал” жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом