Ишкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылат

18.11.2025 | 18:52

Кыргызстан ишкердик үчүн берилүүчү уруксат-документтердин кыскартылышына даярданууда: алардын санын 55–60%га чейин азайтуу пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Мекеме өлкөдө бюрократияны кыскартуунун негизги этабы — регулятордук гильотина киргизилип жатканын белгиледи.

Президенттин жарлыгынын долбоору «Коом талкуу» порталына коомдук талкууга коюлду. Ага чейин Экономика министрлиги мамлекеттик органдар жана эксперттер менен биргеликте масштабдуу инвентаризация жүргүзгөн, анда 900дөн ашык лицензия, уруксат, сертификат, аккредитация жана башка документтер изилденген.

Анализ көрсөткөндөй, талаптардын олуттуу бөлүгү актуалдуулугун жоготкон.

Тактап айтканда:

  • 214 документ (23,64%) эскирген деп табылып, жокко чыгаруу сунушталууда;
  • 58 документ (6,41%) башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү сунушталууда;
  • 87 документ (9,61%) чыныгы мааниси боюнча уруксат документтери эмес;
  • 36 документ (3,98%) иш жүзүндө берилбейт же күчүн жоготкон.

Бизнес да 16 документти жокко чыгаруу же жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш киргизген. Реформанын жыйынтыгында 431 уруксат документинен турган жаңыланган тизмени түзүлөт. Калган документтер Жарлык кабыл алынгандан кийин автоматтык түрдө жараксыз деп табылат.

Ушул учурдан тартып жарандар жана ишкерлер бекитилген тизмеге кирбеген документтерди албастан ишмердүүлүк жүргүзө алышат. Мамлекеттик органдарга жокко чыгарылган уруксат документтери үчүн жаза колдонууга тыюу салынат.

Кабинет жарым жылдын ичинде ченемдик базаны жаңы эрежелерге ылайыктап өзгөртүүгө тийиш. Ал эми мекемелер калган уруксат документтери боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ачык процедураларды иштеп чыгат. Реформа регулятордук басымды азайтууга, кайталанган функцияларды жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерди минимумга түшүрүүгө багытталган.

Scroll to Top