Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
УКМКнын атын жамынып, 46 миң долларга алдап кетишкен. Алты шектүү кармалды
26.11.2025 | 15:36
УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, жаранды 46 миң долларга алдап кетүүгө шектелип 6 адам кармалды.
Атайын кызматтын маалыматында, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 47 жаштагы С.И.И. жана 43 жаштагы А.А.Б. козголгон кылмыш ишин токтотуп беребиз деп, К.Д. аттуу жаранды алдап, 46 миң долларын ээлеп алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, алты адам кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аттарын колдонуу менен мындай мыйзамсыз аракеттерди жасоону көздөгөн адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар




