Бишкектин мэри жаңы Башкы пландын долбоорун тааныштырып, эски карталардагы каталарды ачыктады
Бүгүн борбордогу «Жаштык» аренасында 2050-жылга чейин Бишкектин өнүгүүсүнүн жаңы Башкы план долбоорунун ири презентациясы жана адистер менен талкуусу болуп өттү. Шаар мэри Айбек Джунушалиев документти даярдоонун жүрүшү, эл аралык эксперттердин тартылышы жана шаар тургундарынын мурда болуп көрбөгөн активдүүлүгү тууралуу айтып берди.
Талкууга архитекторлор, экологдор, транспорт адистери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Шаар башчысы белгилегендей, стратегиялык документти иштеп чыгууда олуттуу илимий ресурстар колдонулган. Санкт-Петербургдагы илимий-изилдөө институту менен келишимге чейин мэрия 2024-жылдын май айынан баштап Япониянын белгилүү Nikken Sekkei компаниясы менен кызматташып, анын шаарды өнүктүрүү концепциясы азыркы Башкы пландын негизин түзгөн.
Транспорт маселесине өзгөчө көңүл бурулду: шаарга кире бериштерди, борбордук аймактарды жана темир жол кесилиштерин камтыган жол кыймылынын 37 негизги тилкесинде транспорт агымдары изилденди.
Айбек Джунушалиев муниципалитет конструктивдүү сынга жана адистердин сунуштарына ачык экенин баса белгиледи.
«Биз эч кимди биздин же башка деп бөлбөйбүз. Кимдир бирөө сындаса, кимдир бирөө мактаса — айырмасы жок. Бизге мүмкүн болушунча көп эксперттик пикир керек. Кимге жагат же жакпайт — маанилүү эмес, эгер сунуш шаарды өнүктүрүүгө оң таасир берсе, биз аны колдойбуз», — деди мэр.
Ачыктыкты камсыздоо үчүн атайын сайт ишке киргизилген. Мэрдин айтымында, шаар тургундарынын Бишкектин келечегине кызыгуусу абдан жогору болгон:
- Сурамжылоолорго 10 миңден ашык адам катышкан;
- Ар кандай платформалар жана соцтармактар аркылуу 3 миңден ашык кайрылуу түшкөн;
- Мэрияга расмий түрдө 200дөн ашык сунуш жана билдирүү жөнөтүлгөн.
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө шаар башчысы техникалык тоскоолдуктар бар экенин да айтты. Ал учурда колдонулуп жаткан айрым алгачкы документтерде олуттуу боштуктар бар экени, алардын айрымдары азыр гана билинип жатканына токтолду.
«Балким, сиздер Башкы пландан айрым каталарды табасыздар… Айрым документтерде кээ бир курулуштар такыр жок, алар алгачкы маалыматтарда көрсөтүлбөгөн. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү да жакшы билишет: биз кээде чыгарып берген выкопировкада айрым коммуникациялар көрүнбөй калат — алар качан коюлган, кантип пайда болгон белгисиз. Мунун айынан көптөгөн авариялар болуп келет», — деп түшүндүрдү Джунушалиев.
Ал жаңы Башкы пландын милдети — ушул кемчиликтерди жоюу экенин кошумчалады.