Садыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштадыЖогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылдыПодрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылганСадыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады
Бүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
06.12.2025 | 12:19

Бүгүн, 6-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров туулган күнүн белгилөөдө. Президенттин 57 жашка чыгышы менен коңшу жана өнөктөш мамлекеттердин лидерлери куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан Кытайдын маанилүү коңшусу экенин белгилеп, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүдөгү биргелешкен аракеттерди жогору баалады. Садыр Жапаровго чың ден соолук жана иштерине ийгилик каалады.
- Орусиянын президенти Владимир Путин Жапаровдун эл аралык аброюн жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын белгиледи. Президентке ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишинде ийгилик каалады.
- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын стабилдүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да кеңейерине ишеним билдирди. Ага күч-кубат жана үй-бүлөлүк бакубаттык каалады. - Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын бардык тармактарда тез өнүгүп жатканын жана эки өлкө ортосундагы достук жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт жана жооптуу иштерине ийгилик каалады.
- Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын социалдык-экономикалык өсүшүнө Жапаровдун жетекчилиги чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Президентке бекем ден соолук жана мамлекет үчүн ишинде ийгилик каалады.
- Беларустун президенти Александр Лукашенко Жапаровдун кесипкөйлүгүн жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууда көрсөткөн лидерлигин жогору баалады. Президентке чың ден соолук жана жаратмандык ийгиликтерди каалады.
- Түркмөнстандын жетекчиси Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын маанилүү ийгиликтерге жетип жатканын белгиледи. Ага ден соолук, бакыт жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.
- Түркиянын арезиденти Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү тынымсыз чыңдалып жатканын айтып, бул өнүгүүгө кубанычын билдирди. Президентке ден соолук, бакыт жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады.
- Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстан социалдык-экономикалык өсүү жолунда олуттуу ийгиликтерге жетип жатканын белгилеп, эки өлкөнүн достугу дагы тереңдей турганын айтты. Садыр Жапаровго бакубатчылык жана ийгилик каалады.
- Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили Жапаровдун кошкон салымы Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маанилүү экенин айтып, эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына ишеним билдирди. Ага ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
- Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого Жапаровдун салымы чоң экенин айтып, эки тараптуу долбоорлор ийгиликтүү уланаарын билдирди. Президентке бакыт жана жаңы ийгиликтерди каалады.
- Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Жапаровдун сапаттары жана эмгеги Кыргызстанды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи. Өлкө башчыга ден соолук, ийгилик жана кыргыз элине бакубатчылык каалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат