Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

20.12.2025 | 18:42

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Токиодо Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияларды көбөйтүү, туруктуу жана «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Премьер-министр Санаэ Такаити Кыргызстандын президентинин сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал сапардын алкагында кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICA линиясы боюнча кабыл алынган макулдашууларды жогору баалады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» диалогунун саммитине чакыруу жана көрсөтүлгөн жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2023-жылы Жапонияга жасалган биринчи расмий сапарын эскерип, анда тараптар жаңы доордогу ар тараптуу өнөктөштүктүн башталганын биргелешип жарыялаганын белгиледи.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн тиешелүү мекемелердин ишин активдештирүүнү сунуштады.

Мындан тышкары ал жапон өкмөтүнө жана элине көп жылдык колдоосу, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен кызматташуунун натыйжалуулугун жана кадрларды даярдоо программаларынын, айрыкча JDS стипендиялык программасынын маанисин белгиледи.

Өз кезегинде премьер-министр Такаити Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу багытында өкмөттөр аралык комиссия түзүүнүн зарылдыгын белгилеп, жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле табигый кырсыктар тууралуу эрте эскертүү системалары боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү айтылды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Санаэ Такаитини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын арасында эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүү, киреше салыгы боюнча кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу, 2026–2027-жылдарга тышкы иштер министрликтеринин кызматташуу программасы, ошондой эле JICA аркылуу энергетика, саламаттык сактоо, инфраструктура, адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы бир нече гранттык долбоорлор боюнча макулдашуулар бар.

Scroll to Top