Караколдо №7 мектептеги зомбулук фактысы боюнча бир катар мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылды

Каракол шаарында К.Мендегул уулу атындагы №7 орто мектебиндеги системалуу зомбулук фактысына байланыштуу билим берүү жана ишки иштер органдарынын кызматкерлери жазага тартылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Текшерүү 9“А” классынын ата-энелер комитетинин өкүлү аталган мектепте системалуу түрдө зомбулук болуп жатканы тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылган арызынан кийин жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан окуучулар арасында кылмыштуулукту азайтуу жана жаш муундарды тарбиялоо боюнча иштер аткарылбай жаткандыгы аныкталган.
Мындан улам Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т. жана Ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Ошондой эле Каракол ШИИБдин башчысына сөгүш, анын орун басарына катуу сөгүш берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча ыкчам кызматкери, Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы жана Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри жоопко тартылып, сөгүштөр берилди.
Мындан тышкары аталган орто мектептин 10-11-класстарынын 9 окуучусу жана Ж.Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынды.
Атайын кызмат бардык тиешелүү билим берүү жана ички иштер органдарына мектептеги зомбулукту алдын алуу боюнча чараларды жана пландарды иштеп чыгуу, жаш муунду адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырылганын билдирди. Учурпда тергөө уланып жатат.