Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Чүй районунун акими коррупцияга шектелип кармалды
22.12.2025 | 14:18

УКМК Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганын билдирди.
Аталган аким дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүү боюнча токтомдун талаптарын бузганы аныкталган. Тактап айтканда, ал уруксат берилүүгө тийиш болгон 10 сотых аянт жердин ордуна 20 гектар жерди пайдаланууга уруксат берген.
Мындан тыкшары ал айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу кутумга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн күбөлүктөрдү берүүгө мыйзамсыз уруксат бергени белгилүү болгон.
16-декабрда аким кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар