Кезектеги Элдик курултай жаңы форматта өтөт

22.12.2025 | 16:52

IV Элдик курултай жаңыланган форматта өтүп, делегаттар менен жолугушууларга өзүнчө бир күн берилет. Бул тууралуу курултайдын делегаты, Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайдан бир күн мурун, 24-декабрда, делегаттар министрликтер жана мекемелер менен Улуттук драма театрында жолугушуу өткөрүшөт.

“Ошол жерде ар бир делегат кагаз түрүндө кайрылып, өздөрүнүн бардык суроолорун бере алышат. Курултайга дагы бир күнү кошулду десек да болот”,- деп билдирди ал.

Анын айтымында, бул өзгөртүү курултайдын өткөрүлүшүнүн сапатын жакшыртууга жана негизги баяндамалар учурунда залдагы тартипти камсыздоого багытталган.

“Өзүңөр билесиңер, буга чейин өткөн үч курултайда көбү сыртта филармониянын фойесинде чуркап, ошол жерде министрликтерге жолугуп, суроосун берип, негизги баяндамага катышпай калчу. Себеби ал жерде президентибиз сүйлөйт, жылдык отчётун кошо берет. 700 делегаттын бардыгы тең катышып, кунт коюп угушу керек. Ошондуктан мындай тартип дагы жакшы болот деп ойлойм”,- деп билдирди ал.

IV Элдик курултай 25-декабрда өтүп, ага 700 делегат катышат.

Scroll to Top