Кыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскарды

26.12.2025 | 18:00

Кыргызстандын банк сектору күтүүсүз көрүнүшкө туш болду: 2025-жылдын октябрында юридикалык жактар депозиттерге салган каражаттын көлөмүн кескин кыскартты. Улуттук банктын жаңы отчетуна ылайык, бизнес эсептерге болгону 7,8 млрд сом салган, бул акыркы төрт жылдагы антирекорд. Салыштыруу үчүн айтсак, бир ай мурун, сентябрда бул сумма 46,1 млрд сомду түзгөн.

Мындай кескин, дээрлик 6 эсеге төмөндөө — көрсөткүчтөрдү бизнес белгисиздиктен улам токтоп калган “ковиддик” 2021-жылдын деңгээлине кайтарды. Reporter.kg редакциясы ишкерлер эмне үчүн банктык депозиттерден жапырт баш тартып, бул акчалар кайда кетип жатканын иликтеп көрдү.

Төмөндөө хроникасы

Эгер 2025-жылдын динамикасына көз чаптырсак, октябрдагы төмөндөө аномалиядай көрүнөт.

  • Январь: Бизнес жылды жигердүү баштап, 76 млрд сом салган.
  • Жаз-Жай: Көлөмдөр айына 30–40 млрд сом коридорунда өзгөрүп турган.
  • Сентябрь: 46,1 млрд сомго чейинки секирик.
  • Октябрь: 7,8 млрд сомго чейин кескин кулоо.

Ошол эле учурда октябрдагы аманаттардын түзүмү да көп нерседен кабар берет: каражаттын басымдуу бөлүгү (5,55 млрд) талап кылынганга чейинки эсептерге, ал эми болгону 2,28 млрд сому мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылган. Бул бизнес акчаны узакка тоңдуруп коюуга даяр эместигин жана аларга ыкчам жеткиликтүүлүк керек экенин билдириши мүмкүн.

Эмне үчүн акча салбай калышты? Эксперттердин пикири

Рыноктун мындай жүрүм-турумунун себебин түшүнүү үчүн биз экономисттерге кайрылдык. Эксперт Искендер Шаршеев кырдаал жөнөкөй математика менен түшүндүрүлөт деп эсептейт: акчаны банкта кармоо пайдасыз болуп калды.

«Инфляция өстү жана жыл аягына чейин 8ден 10 пайызга чейинки деңгээлде болору болжолдонууда. Учурдагы инфляция шартында каражатты депозитте кармоо бизнес үчүн таптакыр пайдасыз», — дейт Шаршеев.

Анын пикиринде, депозиттер боюнча номиналдык чендер 19-20%га жетиши мүмкүн болсо да, инфляцияны жана чыгымдарды эске алганда реалдуу кирешелүүлүк болгону 10%га жакындайт. Ошол эле учурда бизнестин өзүнүн рентабелдүүлүгү орточо эсеп менен 26%ды берет, бул каражатты кайра өз ишине салууну (реинвестициялоону) алда канча жагымдуу кылат.

«Ишкердик ишмердүүлүк абдан жанданганы байкалды. Накталай акча иштеп жатат, анан эмнеге аны депозитке “коюш” керек? Экономика өсүп жаткан шартта (ИДП 10-11%га өсүүдө) акча эсепте эмес, жүгүртүүдө болушу керек», — деп суроо салат эксперт.

Ушундай эле пикирди дагы бир экономикалык эксперт, «Айыл Банк» ААКсынын башкармалыгынын экс-төрагасы Бактыбек Шамкеев да карманат. Ал аманаттардын көлөмүнүн кескин төмөндөшү жыл аягына мүнөздүү болгон бизнес-процесстердин сезондуулугу менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоду.

Мындан тышкары, Шамкеевдин пикиринде, юридикалык жактар өз каражаттарын салуу үчүн классикалык банктык депозиттерге караганда пайдалуураак сунуштарды таап, ресурстарды башка жакка багытташы мүмкүн. Бул альтернативдүү инвестицияларды издөө тенденциясын тастыктайт.

Искендер Шаршеев монетардык саясаттын таасирин да белгилейт. Улуттук банктын эсептик чени 11%га чейин көтөрүлдү, бизнестин бир бөлүгү аманаттар боюнча чендердин мындан ары да өсүшүн күтүп, байкоочу позицияны ээледи. Мындан тышкары, эксперттин айтымында, рынокто эң ликвиддүү актив бойдон калган доллардын тартыштыгы сезилүүдө, бул да сомдук депозиттерди ачуу жигердүүлүгүн басаңдатып жатат.

Суворов Артем

Scroll to Top