УКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттүТемирбек Эркинов Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды
Кыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
31.12.2025 | 12:22
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2025-жылдын 11 айында калкка жана бизнеске кызмат көрсөтүү боюнча отчет берди. Тейленген салык төлөөчүлөрдүн жалпы саны 1,1 млн адамды түздү.
Статистикага ылайык, офлайн-режимде 631,7 миң салык төлөөчү кызмат алса, онлайн-режимде санариптик сервистерди 529,8 миң колдонуучу пайдаланган.
Көрсөтүлгөн кызматтардын негизги түрлөрү:
- Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу же бар экендиги тууралуу маалымкат берүү — 370,4 миң кызмат;
- Санариптик сервистерге жетүү: «Салык төлөөчүнүн кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн тастыктоо жана калыбына келтирүү — 274,4 миң кызмат;
- Салык режимдери: патенттерди тариздөө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө — 238,3 миң кызмат;
- Каттоо аракеттери: каттоо, кайра каттоо жана эсептик каттоо маселелери — 143,9 миң кызмат;
- Тышкы экономикалык ишмердүүлүк: товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө боюнча документтерди тариздөө — 64,5 миң кызмат;
- Башка кызматтар — 69,8 миң.
Кошумча маалымдалгандай, отчеттук мезгилде МСКнын колл-борборунун адистери салык мыйзамдары боюнча 173,5 миң кеңеш беришкен. Ведомство салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү үчүн электрондук кызматтардын үлүшүн көбөйтүү боюнча ишти улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика