Швейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болду

02.01.2026 | 12:56

Швейцариянын тоо лыжа курортторунун бириндеги барда чыккан ири өрттүн кесепетинен 40ка жакын адам каза болду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок.

Каргаша мекеменин жер төлөсүндөгү залда болгон, өрт чыккан маалда ал жерде жаштардын дискотекасы өтүп жаткан. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, курман болгондордун басымдуу бөлүгү — 15 жаштан 20 жашка чейинки жаштар. 100гө жакын адам олуттуу жаракат жана күйүк алышты. Каза болгондордун так саны аныкталууда, полиция «ондогон курмандыктар» тууралуу билдирүүдө.

Өрт өчүрүү кызматынын алдын ала версиясы боюнча, өрттүн чыгышына кулап кеткен шам себеп болгон. Келүүчүлөр жер астындагы жайда камалып калышкан, бул көп сандаган адам өлүмүнө алып келди.

Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги тизмелерди биротоло тактоо үчүн өлкөнүн компетенттүү органдары менен ыкчам байланышта болууда. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев болгон кырсыкка байланыштуу швейцариялык кесиптеши Иньяцио Кассиске расмий түрдө көңүл айтты.

Scroll to Top