ТИМ: Мальтада каза болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча иш жүрүүдө

12.01.2026 | 13:37

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мальтада деңиздин толкуну алып кетип каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине кайтаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Министрлик Кыргызстандын Италиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине кайтарууну тез арада уюштуруу үчүн Мальтанын компетенттүү органдары менен дароо байланыш түзгөнүн, ошондой эле аталган аймакта жашаган мекендештердин жардамы менен иш алып барып жатканын билдирди. Мындан тышкары маркумдун жакындары менен байланышка чыгышкан.

Каргашалуу окуя 11-январда Сент-Джордж булуңунда болгон. Анда 48 жаштагы кыргызстандык аялды деңиздин толкуну алып кеткен. Аялды жергиликтүү тургундар суудан алып чыккандан кийин, ооруканада каза тапкан. Анын жанында 23 жаштагы кыз да болгон. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.

Scroll to Top