ТИМ: Таиландда деңиздеги кырсыктан кыргызстандыктар жабыркаган эмес
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланддын Пхукет шаарында деңизде кырсыкка кабылган катердеги кыргызстандык жарандар жабыркабагандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-январда деңизде Korawich Marine 888 сейилдөө катери менен балык уулоочу кеменин кагылышынан 55 адам жабыркаган. Кагылышуунун кесепетинен катердин мурдунун алдыңкы бөлүгү жабыркаган. Кырсыктан 17 жаштагы орусиялык кыз каза болгон.
ТИМ сейилдөөчү катерде Кыргызстандын эки жараны болгондугу аныкталып, алар менен түз байланыш түзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле жарандар жабыркабаганын, алардын абалы канааттандырарлык экенин белгиледи. Жарандарга медициналык жардам сунушталган, бирок алар баш тартышкан.
“Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жарандар менен байланышта жана кырдаалды көзөмөлгө алды. Маалыматтарга ылайык, эки кыргызстандын 15-январда Кыргызстанга кайтышат”,- деп билдирди мекеме.
Эске салсак, буга чейин катердеги эс алуучулар жабыркагандыгы тууралуу, алардын ичинде кыргызстандыктар да бар экендиги тууралуу маалыматтар айтылган.