Борбор Азия өлкөлөрү жана Германия биргелешкен кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныкташты
Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Германиянын өкүлдөрү аймактар аралык форматта жыйын өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Арман Исетов өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын ортосундагы өнөктөштүк өнүгүүнүн жаңы этабына өткөнүн белгиледи. Иш-чаранын катышуучулары байланыштардын учурдагы абалына талдоо жүргүзүп, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү байланыштарды бекемдөө келечегин белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экология маселелерине жана гуманитардык чөйрөдөгү демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. «Борбор Азия — Германия» форматын катышуучулар аймакка европалык инвестицияларды жана технологияларды тартуунун, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча аракеттерди координациялоонун натыйжалуу куралы катары карашууда. Жыйындын жыйынтыгы менен тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө