Кыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак15-апрелге карата аба ырайы
Ош – Кашгар багыты боюнча жаңы авиакаттам ачуу пландалууда
31.01.2026 | 12:03

Ушул жылдын апрель айында Ош – Кашгар эл аралык авиакаттамын ачуу пландалууда. «Кыргызстан аэропорттору» жана Кытайдын COMAC авиакуруу корпорациясынын өкүлдөрү жаңы каттамды ишке киргизүү маселесин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Ош – Кашгар багыты боюнча учуулар COMAC C909 учактары менен аткарылары болжолдонду. COMAC корпорациясы аталган учактарды пайдаланган Chengdu Airlines авиакомпаниясынын акционери болуп саналат.
Бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, соода-экономикалык, туристтик жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом