БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Бишкекте мечиттерде уурулук кылууга шектелген жаран кармалды
31.01.2026 | 12:46

Бишкек шаарында мечитте уурулук кылууга шектелип, 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, 7-январда жаран милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Дордой базары жактагы мечитте ал намаз окуп жаткан учурда капчыгы, «iPhone» телефону жана жеке буюмдары уурдалганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен иш козголгон. Ыкчам издөөнн натыйжасында 18 жаштагы А.С. кармалды. Милиция шектүү мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.
Тергөөдө шектүү уурдалган телефонду Ош базарында 3 миң сомго сатып жибергенин мойнуна алган. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар