Кыргызстан жана Masdar компаниясы жаңылануучу энергетика чөйрөсүндө алкактык макулдашууга кол коюшту
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана Masdar энергетикалык компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана энергетикалык сектордо эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо чараларын талкуулашты. Адылбек Касымалиев «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана жаңылануучу энергия булактарын (ЖЭБ) пайдалануу мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары экенин баса белгиледи.
Masdar’дын жетекчилиги туруктуу өнүгүүгө инвестиция салуу үчүн Кыргызстандын жогорку дараметин белгилеп, узак мөөнөттүү өнөктөштүккө даярдыгын тастыктады. Жолугушуунун жыйынтыгы КР Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясынын ортосундагы Алкактык макулдашууга кол коюу болду, бул тараптардын белгиленген демилгелерди иш жүзүндө аткаруу ниеттерин бекитет.