КМШ өлкөлөрү бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин ченемдик базасын жаңылоодо
Шериктештин алты мамлекетинин өкүлдөрү агартуу чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү жөнгө салган фундаменталдуу документтерди кайра карап чыгуу үчүн уюмдун штаб-квартирасына чогулушту. Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан келген адистер кирген эксперттик топ мындан отуз жыл мурун кабыл алынган Бирдиктүү билим берүү мейкиндиги жөнүндө макулдашууну актуалдаштыруу үчүн зарыл болгон түзөтүүлөрдү макулдашты.
Укуктук базаны оңдоонун зарылдыгы катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы түзүмдүк реформаларга байланыштуу келип чыкты. Документтерди жаңылоо демилгеси акыркы жылдары Россияда, Казакстанда жана Кыргызстанда тармактык ведомстволордун кайра уюштурулушуна — билим берүүнү жана илимди башкаруу функцияларынын ар башка министрликтерге бөлүнүшүнө байланыштуу. Ченемдик актылардын учурдагы редакциясы жаңы ведомстволордун жетекчилери, атап айтканда, агартуу министрлери КМШнын тармактык Кеңешинин курамына расмий кирип, чечим кабыл алууга толук кандуу катышуусу үчүн өзгөртүүлөрдү талап кылган.
Иштин жүрүшүндө эксперттер жетектөөчү органды түзүү тартибин кайра карап чыгып гана тим болбостон, Макулдашуунун текстинин өзүн да өз ара аракеттенүүнүн заманбап форматтарына ылайыкташтырышты. Жолугушуунун катышуучулары түзөтүүлөрдүн топтомун ийгиликтүү макулдашышты, ал эми документтерди иштеп чыгуунун жыйынтыктоочу этабы үстүбүздөгү жылдын апрель айында Минск шаарында пландалган.