Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
«Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбор кандай болот
17.02.2026 | 14:45
Бишкек шаарынын мэриясы мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курула турган маданий борбордун эскиздик долбоорун даярдады.
Мэрия буга чейин кинотеатрдын ордуна заманбап маданий борбор куруларын маалымдаган.
Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан имаратты демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле объектти долбоорлоо иштери жүрүүдө.
2025-жылдын 5-ноябрында кинотеатрда өрт чыгып, анын кесепетинен имарат жабыркаган. Окуядан кийин мэрия имаратты изилдеп, анын ордуна жаңы маданий борбор куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом



