Социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу башталды

17.02.2026 | 16:43

Кыргызстанда социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери башталды. Анын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз каражат берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Арыздар айыл өкмөттөрү же министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. 2026-жылы аталган программага 13 миң 334 үй-бүлө катыша алат.

Катышуу шарттары:

  • Каржылоону социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөр ала алышат.
  • Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүүлүк, мүлктүк потенциал жана реалдуу бизнес-план болушу шарт.

Социалдык контракт түзүүдө «жашыл» багыттагы долбоорлорго, «Бир айыл – бир продукт» демилгесине, майыптуулугу бар адамдарга жана кирешелүү бизнес-планы бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет.

Каражат бөлүү тууралуу чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же мэриялардын алдында түзүлгөн комиссиялар кабыл алат. Комиссиянын курамына жергиликтүү бийлик органдарынын, кеңештердин, бизнес-түзүмдөрдүн жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.

Scroll to Top