Суусамырда кар көчкүнүн астында калган чабандын сөөгү табылды
Жайыл районунда мындан дээрлик бир жума мурун кар көчкү астында калган 59 жаштагы жаранды издөө иштери аяктады. Анын сөөгү куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу издөө операциясынын жүрүшүндө табылды.
Кырсык 12-февралда Бороондуу жайлоосунда болгон. 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаран жайытта мал кайтарып жүргөн учурда кар көчкү басып калган. Көчкү алдында ошондой эле 50 кой жана бир ат калган.
Издөө-куткаруу иштери 13-февраль күнү таңкы саат үчтө башталган. Алгач издөөгө тийиштүү министрликтин аймактык башкармалыктарынан жана бөлүмдөрүнөн 24 куткаруучу тартылган. Кийинки күндөрү операцияга катышкан адамдардын саны 70ке чейин жеткен.
Окуядан дээрлик бир жума өткөндөн кийин каза болгон жарандын сөөгү кар астынан табылды. Буга чейин издөө иштери бийик тоолуу шарттарда, татаал кырдаалда жүргүзүлүп жатканы кабарланган.