Казакстандагы конституциялык реформа: Парламенттин күчөтүлүшү, светтик статус жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөБишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргиздиКармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылдыСүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралуу
Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болду
20.02.2026 | 10:39

19-февралда парламенттин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.
Анын талапкерлигин «Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору көрсөтүшкөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сурабалдиева аталган кызматка шайланып, бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Эске салсак, буга чейин аталган комитетти мурдагы депутат Эльдар Сулайманов жетектеген. Ал 17-февралда жеке арызынын негизинде депутаттык мандатын тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат