Казакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштыруудаАтайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдүПрезидент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңыладыБишкектин Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине жабылатКурулуш компанияларынын рейтинги: ким канча салык жана төгүмдөрдү төлөдү?Жалпы республикалык тестке онлайн катталуу башталды
Бишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалды
20.02.2026 | 12:43

Бишкек шаарында улгайган аялды чоң акчага алдап кеткен деп шектелип 22 жаштагы жигит кармалды.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, милцияга 77 жаштагы аял кайрылып, анда өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар анын ишенимине кирип, 850 миң сом акчасын ээлеп алышканын билдирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А. Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар