Кыргызстандыктар декабрда канча насыя алышты жана эсептик чендин өсүшүнө карабастан, алар эмне үчүн арзандады?
Кыргызстандын коммерциялык банктары 2025-жылды таасирдүү көрсөткүчтөр менен аяктап, берилген насыялардын көлөмү боюнча жарым триллион сомдук чектен ашты. 12 айдын жыйынтыкталган маалыматтарына ылайык, экономиканы жана калкты каржылоонун жалпы суммасы 524,3 миллиард сомду түздү. Жылдын соңку айы, күзүндө байкалган басаңдоодон кийин активдүүлүктүн кескин өсүшүн көрсөтүү менен, итогодук статистиканын калыптанышында чечүүчү ролду ойноду.
Жыл ичиндеги өзгөрмөлүүлүк жана декабрдагы секирик
Насыялоо динамикасы 2025-жыл ичинде бир калыпта болгон жок. Январь айында 29 миллиард сомдук көрсөткүч менен баштаган банк сектору жаз жана жай айларында эң жогорку чекке чыкты: апрелде берилген насыялардын көлөмү 56,1 миллиард сомго, ал эми август айында 54,2 миллиард сомго жетти. Күзүндө рынокто бир аз төмөндөө байкалып, ноябрь айында эң төмөнкү чегине (36 миллиард сом) түшкөн.
Бирок декабрь айы күзүндөгү басаңдоонун ордун толугу менен толтурду. Жылдын акыркы айында жаңы берилген насыялардын көлөмү 51 миллиард 225 миллион сомду түздү. Бул ноябрь айына салыштырмалуу 42%га жогору. Декабрдагы насыялардын түзүмүндө улуттук валюта үстөмдүк кылды: сом менен 41,8 миллиард сомдук насыя таризделсе, чет өлкө валютасындагы карыз алуунун көлөмү эквивалент менен 9,4 миллиард сомду түздү.
Насыялар боюнча пайыздар эмне үчүн төмөндөөдө?
Жылдын маанилүү жыйынтыгы — насыялык ресурстардын наркынын арзандашы болду. Эгерде 2025-жылдын январь айында банк тутуму боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 18,84%ды түзсө, декабрга карата ал 17,03%га чейин түштү.
Улуттук жана чет өлкө валютасындагы насыялардын наркынын ортосундагы айырма сакталып калууда. Декабрда сомдук насыялар боюнча орточо чен 19,14% деңгээлинде катталса (январдагы 20,32%дан төмөндөгөн), чет өлкө валютасындагы насыялар орточо эсеп менен жылдык 7,64% менен берилди.
«Айыл Банк» ААКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Бактыбек Шамкеев Reporter.kg басылмасына билдиргендей, насыялардын арзандашы жөнгө салуучу органдын акча-кредит саясатын катаалдантканына карабастан ишке ашты.

«Насыялар боюнча орточо пайыздык чендин декабрда 17%га чейин төмөндөшү коммерциялык банктардын өздөрүнүн ресурстарынын наркынын арзандашы менен түшүндүрүлөт. Бул жагдай, август айында Улуттук банктын негизги пайыздык ченди 9%дан 9,5%га чейин көтөргөнүнө карабастан болууда. Ал чара инфляцияны ооздуктоого багытталган, бирок эсептик чендин өзгөрүшү коммерциялык банктардын насыялык саясатына катуу таасир этпейт. Анткени банктар Улуттук банктын ресурстарына караганда арзаныраак булактарды таба алышат», — деп түшүндүрдү эксперт.
Reporter.kg маалымкаты: Эсептик чен (учетная ставка) — негизги индикатор болуп саналат жана бүтүндөй экономика үчүн акчанын «дүң баасын» билдирет. Бул Улуттук банк коммерциялык банктарга насыя бере турган пайыздык чен. Банктардын калкка сунуштаган финансылык өнүмдөрүнүн шарттары дал ушул цифрадан түздөн-түз көз каранды болот.
Суроо-талаптын түзүмүнүн өзгөрүшү
Декабрь айындагы сектордук талдоо каржылоонун артыкчылыктуу багыттарындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү ачыктады. Көлөмү боюнча керектөөчүлүк насыялар мурдагыдай эле лидер бойдон калууда (15,5 млрд сом, ставкасы 20,84%). Экинчи орундагы ири сегмент — соода тармагы (12,4 млрд сом) болду.
Эң кызыктуу динамика ипотека тармагында байкалды. Эгерде жыл башында (январь) турак жай насыяларынын көлөмү 1,6 миллиард сомду гана түзсө, декабрь айында бул көрсөткүч 10 миллиард 882 миллион сомго чейин кескин жогорулады.
Реалдуу секторду колдоо
Экономиканын реалдуу сектору да каржылык колдоо алды: өнөр жайга 3,7 миллиард сом, айыл чарбасына 2,9 миллиард сом багытталса, курулуш сектору дээрлик 1 миллиард сом тартты. Ошол эле учурда декабрь айында өнөр жай насыялары рыноктогу эң арзан (8,32%) ресурстар болуп калды.
Бактыбек Шамкеев реалдуу сектор үчүн акчанын жеткиликтүүлүгүн масштабдуу мамлекеттик программалар менен байланыштырат.
«Пайыздык чендердин төмөндөшүнө, өзгөчө өнөр жай тармагында, жеңилдетилген насыя линиялары аркылуу мамлекеттик колдоо таасир этти. Эгерде 2024-жылга чейин эки гана программа болсо, 2025-жылы алардын саны бешке чейин көбөйдү (ФСХ-13, КАПК ж.б.), алардын жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашты. Мындан тышкары, экономикага салынган инвестициялардын өсүшүн белгилей кетүү керек. 2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп (+18,9%), бул дагы банк тутумундагы ресурстардын баасына оң таасирин тийгизүүдө», — деп баса белгиледи Б. Шамкеев.
Узак мөөнөттүү каржылоого багыт алуу
Жылдын соңку статистикасы насыялоо мөөнөттөрүнүн узаруусу боюнча туруктуу трендди тастыктайт. 2025-жылдын декабрында «узун» жана «кыска» акчалардын катышы биринчилердин пайдасына чечилди. Узак мөөнөттүү насыялардын (1 жылдан ашык мөөнөткө) көлөмү 42 миллиард сомдон ашып, кыска мөөнөттүү карыздардын (9,2 миллиард сом) көлөмүнөн бир нече эсе ашты.
Өзгөчө көңүл үч жылдан ашык мөөнөткө берилген насыяларга бурулууда. Декабрда мындай насыяларга 27 миллиард 163 миллион сом туура келди — бул бир айлык жалпы көлөмдүн жарымынан көбү. Мындай узак мөөнөттүү ресурстар боюнча орточо чен 15,29%ды түздү.