Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыялады
01.03.2026 | 20:40

Кыргызстандык спортчу айым Айсулуу Тыныбекова уул төрөдү. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына билдирди.
“Сүйүнчү, биз эми үчөөбүз! Ар бир каалоо тилек, баталар үчүн үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз!”-деп жазды ал.
Тыныбекова 2025-жылдын январында спортчу Бакберген Аттокуровго турмушка чыккан. Ал эми 2026-жылдын башында кош бойлуу экенин жарыялаган.
Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Азия чемпионатынын алты жолку жеңүүчүсү. Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш, Парижде коло байге жеңген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом