Бишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндү
4-мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Тез жардам клиникалык ооруканасынын жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборундагы (ҮМБ) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы менен бул объекттерди масштабдуу заманбапташтырууга 182 миллион сом каралган.
Клиникалык тез жардам ооруканасында учурда негизги иштер экинчи корпуста жүрүүдө. Ал жерде бир эле учурда бир нече бөлүмдөр: кардиология, терапия, күйүк жана токсикология бөлүмдөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Оңдоо иштери 2025-жылдын декабрь айында башталып, учурда жигердүү темпте жүрүп жатат. Ведомствонун болжолу боюнча, корпусту толук жаңылоо жакынкы эки-үч айдын ичинде аяктайт. Сапардын алкагында министр ошондой эле реанимация, интенсивдүү терапия палаталарынын жана неврология бөлүмүнүн абалын текшерди.
Ошол эле аймакта жайгашкан №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда аянттарды кеңейтүүгө жана санариптештирүүгө басым жасалууда. Жергиликтүү бюджеттин каражатына бул жерде кире бериш бөлүгү (входная группа) реконструкцияланып, имараттын пайдалуу аянты көбөйтүлүүдө.
- каттоо бөлүмү (регистратура) толугу менен жаңыланат;
- заманбап электрондук кезек тутуму киргизилет;
- апрель айынан тарта ички бөлмөлөрдү этап-этабы менен косметикалык оңдоо башталат.
Курулуш иштерине карабастан, №9 ҮМБда бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда.
Борбор калаадагы медициналык мекемелердин инфратүзүмүн жаңылоо бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тез жардам, ошондой эле баштапкы медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Министр жаңыланган бөлүмдөрдү тезирээк ишке киргизүү үчүн иш графиктерин так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.