МСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү1-май: Өлкө боюнча жаан жаайтНарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскертти
Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды
05.03.2026 | 14:54

Бүгүн, 5-мартта, Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 304-чакырымындагы Кара-Үңкүр тилкесинде кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Көчкү түшкөнүнө байланыштуу аталган жол убактылуу жабылды. Учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан тийиштүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилерин маалымдады.